Жаңылыктар
News and press releases
ЕККУнун ишмердүүлүгү жөнүндө жаңылыктар жана пресс-релиздер
Төртүнчү Межведомстволук кинологиялык мелдеш Бишкекте ЕККУнун Программалык кеңсесинин колдоосу менен жыйынтыкталды
Publishing date: 13 ноября 2025
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
Бишкек, 12-ноябрь 2025 — Кыргыз Республикасынын төртүнчү межведомстволук кинологиялык мелдеши Бишкекте 12-ноябрда ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен жыйынтыкталды. 10-12-ноябрда өткөн мелдешке Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан, Мамлекеттик бажы кызматынан, Ички иштер министрлигинин Наркотиктерди мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жана Чек ара кызматынын кинологдору жана алардын кызматтык иттери катышты. Бул жылы иш-чараны Программалык кеңсенин Адам өлчөмү бөлүмүнүн өнөктөшү болгон Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы өткөрдү. Үч күндүк мелдештин жүрүшүндө командалар татаал тапшырмаларды аткаруу боюнча таймашты: багаж, унаа жана имараттардан наркотиктерди табуу, ошондой эле кинологдор менен кызматтык иттердин угумдуулук жана командалык иштөөсүн көрсөтүү. Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсеси бул мелдештерди 2022-жылдан бери колдоп келет, аларды баалуу салтка айландырууга жана тажрыйба бөлүшүү, кесиптик өнүгүү жана межведомстволук кызматташтык үчүн эффективдүү платформага айландырууга салым кошууда. «Кинологиялык бөлүмдөрдүн берилгендиги жана кесипкөй мамилеси коомдук коопсуздукту камсыздоодо жана уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө маанилүү роль ойнойт. Бул мелдештер аркылуу биз күчтүү межведомстволук кызматташтык улуттук укук коргоо мүмкүнчүлүктөрүн кантип жакшырта алаарын көрөбүз», — деди Бишкектеги ЕККУ Программалык кеңсесинин өкүлү. Мелдештер практикалык көндүмдөрдү гана чыңдап койбостон, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ортосундагы ишеним жана өнөктөштүктү да бекемдеди.
Майлуу-Суунун өнүгүүсү үчүн туруктуу туризмди илгерилетүү
Publishing date: 17 октября 2025
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
What we do: Climate change, Экономикалык ишмердүү, Айлана-чөйрөнү коргоо
Майлуу-Суу, 2025-жылдын 16–17-октябры.- ЕККУ, БУУнун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП)), Майлуу-Суу шаарынын мэриясы жана Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен «Майлуу-Сууну туруктуу туризм аркылуу өнүктүрүү» форумун уюштурду. Форум Майлуу-Сууну тарыхый жактан уран мурасы менен белгилүү шаарды — экономикалык ар түрдүүлүктүн жана жергиликтүү коомдордун өнүгүшүнүн кыймылдаткычы катары туруктуу туризмдин маанисин белгиледи. Эко-туризмди жана маданий мурастарды өнүктүрүү аркылуу бул демилге жаңы киреше булактарын түзүүгө, туристтерди тартууга жана шаардын оң имиджин калыптандырууга багытталган. Иш-чара Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын мэрлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, жарандык коом жана ишкерлер үчүн практикалык диалог аянтчасы болду. Катышуучулар уран мурасы жайгашкан кыргыз конуштарынын кызматташтык тармагын түзүү, чек аралык кызматташууну бекемдөө, тажрыйба алмашуу жана инвестиция тартуу маселелерин талкуулашты. Конкреттүү сунуштардын арасында биргелешкен экотурдук маршруттарды түзүү, жергиликтүү инфраструктураны жакшыртуу жана түштүк Кыргызстандын туруктуу туризм багыты катары жайылтуу бар. Форумдун алкагында катышуучулар «Өтө жашыруун» деп аталган шаардык турга катышып, Майлуу-Суунун жаратылыш кооздугу, өнөр жай тарыхы жана өсүп келе жаткан туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты. Меймандар жергиликтүү гиддер жана ишкерлер менен баарлашып, мурдагы уран объектилерин рекультивациялоо иштерин көрүштү — бул экологиялык калыбына келтирүү менен туруктуу туризмдин айкалышып иштей алаарын көрсөттү. Форумдун жыйынтыгында катышуучулар 2025–2030-жылдарга карата Майлуу-Сууда туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган кыска жана орто мөөнөттүү иш-планды камтыган резолюцияны кабыл алышты. Форум Кыргыз Республикасынын Президентинин тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча атайын өкүлүнүн кеңсеси, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Туризм департаменти жана Ош шаарындагы Орхус борбору менен кызматташтыкта өткөрүлдү. ЕККУ жана БУУӨП тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбор Азиядагы уран мурастарын жоюуга кызыкдар тараптарды тартуу – III фаза» долбоору уран мурастарына байланышкан экологиялык жана социалдык-экономикалык коркунучтарды азайтууга, коомчулуктун катышуусуна жана туруктуу өнүгүү чараларын колдоого багытталган. Бул демилге Кыргызстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда жашаган аялуу жамааттардын коопсуздугун жана туруктуулугун бекемдөөгө багытталган мурдагы кызматташтыкты улантат. Европа Биримдиги жөнүндө Европа Биримдиги — бул 27 европалык мамлекетти бириктирген экономикалык жана саясий союз. Ал адамдын кадыр-баркын, эркиндикти, демократияны, тең укуктуулукту, мыйзамдын үстөмдүгүн жана адам укуктарын урматтоо сыяктуу баалуулуктарга негизделген. Европа Биримдиги дүйнө жүзүндө коомдордун, айлана-чөйрөнүн жана экономиканын туруктуу өнүгүшүн колдоп, бул прогресстен ар бир адам пайда көрүшүн камсыз кылат.
Консультативдик механизмдин экинчи раунду ЕККУнун өкүлдөрүн жана улуттук өнөктөштөрдү биргелешип иштеп жаткан кызматташтыкты талкуулоо үчүн чогултту.
Publishing date: 10 октября 2025
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
What we do: Демократташтыруу, Тийиштүү түрдө башкаруу
Бишкек, 2025-жылдын 10-октябры – ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Консультативдик механизмдин экинчи раунду гибрид форматында – Новотел мейманканасында жана онлайн режиминде өткөрүлдү. Иш-чарага КР Тышкы иштер министрлигинин, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр катышты. ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, Элчи Фолкер Фробарт мырза өзүнүн ачылыш сөзүндө ишенимди бекемдөө жана биргелешкен демилгелердин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн ЕККУ менен улуттук өнөктөштөрдүн ортосундагы үзгүлтүксүз диалогду колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Консультативдик механизм ЕККУнун Программалык кеңсеси менен анын улуттук жана эл аралык өнөктөштөрүнүн ортосундагы стратегиялык өз ара аракеттенүү, маалымат алмашуу жана артыкчылыктарды тегиздөө үчүн негизги платформа катары кызмат кылат. Экинчи раунд 2025-жылдагы биргелешкен иштердин жыйынтыгын чыгарууга жана 2026-жылга карата кызматташуунун багыттарын аныктоого мүмкүнчүлүк түздү. Жыйындын жүрүшүндө Программалык кеңсенин үч бөлүмү — аскердик-саясий, экономикалык-экологиялык жана адамдык өлчөм өз ишинин жыйынтыгын, учурдагы демилгелерин жана келерки жылга пландарын сунушташты. Аймактык коопсуздукту чыңдоого, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө, адам укуктарын коргоого, ошондой эле туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүгө жана гендердик теңчиликке өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар иш-аракеттерди координациялоонун жана өнөктөштүктү чыңдоонун эффективдүү куралы катары Консультативдик механизмдин маанилүүлүгүн белгилешти. Талкуунун жыйынтыгы Кыргыз Республикасында туруктуулукту, коопсуздукту жана туруктуу өнүгүүнү колдоо боюнча биргелешкен программаларды андан ары өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
БУУ Коопсуздук Кеңешинин 1540 резолюциясына арналган Улуттук Жылдык Тегерек Столу Ысык-Көлдө өттү
Publishing date: 23 сентября 2025
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
Бишкек, 2025-жылдын 25-сентябры – ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси ЕККУнун Секретариаты менен кызматташтыкта, БУУнун Куралсыздануу боюнча иштер башкармалыгы (UNODA) аркылуу ЕБ тарабынан каржылоосу менен жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлиги менен биргеликте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1540 (2004) токтомун ишке ашыруу боюнча Улуттук жылдык тегерек столду өткөрдү. Иш-чара 2025-жылдын 16–19-сентябрында Ысык-Көл облусунда өттү. Тегерек стол ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин «Жайылтпоо жана куралдарды көзөмөлдөө боюнча милдеттенмелерди ишке ашыруу үчүн улуттук мүмкүнчүлүктөрдү чыңдоо» долбоорунун алкагында уюштурулууда. Бул иш-чара Кыргыз Республикасы менен ЕККУнун ортосундагы өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерине ылайык курал-жарактарды жайылтпоо жана контролдоо максаттарын алдыга жылдыруу боюнча көп жылдык өнөктөштүгүн баса белгилейт. Жогорку деңгээлдеги иш-чарага мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, 1540-токтому боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ, улуттук эксперттер жана эл аралык өнөктөштөр катышып жатышат. Талкуулар ведомстволор аралык координацияны күчөтүүгө, улуттук мыйзамдык жана ченемдик базаны жакшыртууга жана массалык кыргын салуучу куралдардын (МКК) жайылышына жол бербөө үчүн мекемелердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталды. Катышуучулар учурдагы Улуттук аракеттер планынын (2022–2025-жж.) алкагындагы прогрессти карап чыгып, жетишкендиктерди жана кыйынчылыктарды талкуулап, кийинки этаптын (2026–2030-жж.) артыкчылыктарын аныкташты. Кеңири мааниде тегерек стол мыкты тажрыйбалар менен алмашуу, бар болгон боштуктарды баалоо жана Кыргызстандагы куралдарды жайылтпоо боюнча милдеттенмелерин аткарууда мындан аркы эл аралык колдоо мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө үчүн платформа болду. Эксперттердин салымы баалуу эл аралык көз караштарды камсыздап, мыкты тажрыйбалар, алынган сабактар менен алмашууга жана БУУ Коопсуздук Кеңешинин 1540-токтому жана ага байланыштуу документтерди, анын ичинде Биологиялык жана токсиндик куралдарды тыюу салуу жөнүндө конвенцияны жана Химиялык куралдарга тыюу салуу жөнүндө конвенцияны ишке ашырууда кызматташууну кеңейтүүгө көмөктөштү. Түзүмдүү диалог аянтчасын камсыз кылуу аркылуу тегерек стол БУУ Коопсуздук Кеңешинин 1540-токтомун натыйжалуу ишке ашырууга жана Кыргыз Республикасы, ЕККУ жана эл аралык өнөктөштөрдүн региондук жана глобалдык коопсуздукка болгон биргелешкен аракеттерин бекемдөөгө салым кошту.
Программный офис ОБСЕ в Бишкеке содействует Пограничной службе ГКНБ КР в укреплении готовности к реагированию на взрывоопасные угрозы.
Publishing date: 11 сентября 2025
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси УКМКнын Чек ара кызматына жарылуучу буюмдарды зыянсыздандыруу боюнча даярдыкты жогорулатууда колдоо көрсөттү 2025-жылдын 25–29-август күндөрү ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси АКШ Элчилигинин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынын он адиси үчүн Ош шаарындагы Окуу борборунда жарылуучу буюмдарды зыянсыздандыруу (EOD) боюнча атайын тренинг өткөрдү. Максат – эл аралык стандарттарга ылайык EOD-командалардын жарылуучу коркунучтарга коопсуз жана натыйжалуу жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу. Бул иш-чара «Кыргыз Республикасынын чек арасынан ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз өткөрүүнүн тобокелдиктерин азайтуу» аттуу Окуу иш-чарасына катышуучулар бюджеттен тышкаркы долбоордун алкагында өткөрүлдү. Беш күндүн ичинде катышуучулар жаңы жабдууларды колдонуу жана жарылуучу буюмдарды зыянсыздандыруу боюнча теориялык жана практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүштү. Практикалык машыгуулар аркылуу адистер алган билимдерин реалдуу шарттарга жакын кырдаалдарда колдонуп, талаа шарттарында иш алып баруу жөндөмүн бекемдешти. Бул тренинг УКМКнын Чек ара кызматынын эл аралык стандарттарга ылайык EOD-операцияларды жүргүзүүгө даярдыгын кыйла жогорулатты. Fondation Suisse de Déminage менен кызматташтыктагы кийинки окутуу 2025-жылдын экинчи жарымына пландалууда.
Д-р Фолькер Фробарт — ЕККУнун Бишкекетеги Программалык кеңсесинин жаңы жетекчиси болуп дайындалганын билдиребиз
Publishing date: 1 сентября 2025
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
Бишкек, 2025-жылдын 1-сентябры — Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсеси Германиядан келген д-р Фолькер Фробарттын Д-р Фолькер Фробарт — ЕККУнун Бишкекетеги Программалык кеңсесинин жаңы жетекчиси болуп дайындалганын билдиребиз. Д-р Фробарт эл аралык кызматташтыкта, дипломатия чөйрөсүндө жана коопсуздук маселелеринде жыйырма жылдан ашуун тажрыйбага ээ. 2021–2025-жылдары ал Ал буга чейин Астанадагы ЕККУнун Программалык кеңсесин жетектеп, ошондой эле ЕККУнун Грузия, Латвия, Таджикистан, жана Украина мамлекеттеринде жайгашкан миссияларында жетекчилик орундарын ээлеп келген. Анын бул аймактагы адистиги 2009–2021-жылдары Германиянын Эл аралык кызматташтык боюнча коомундагы (GIZ) жетекчилик кызматтарында иштеген учурунда да кеңейген. Ал мезгилде Кыргызстанда, Казакстанда жана башка коңшу өлкөлөрдө ар кандай долбоорлорду жетектеген. Мындан тышкары, д-р Фробарт Германиянын Гессен федералдык жеринин Экономика министрлигинде жетекчилик кызматтарды ээлеген. Ал жерде ал КМШ жана Балтия өлкөлөрү менен тышкы соода боюнча директор, ошондой эле Гессендин Берлиндеги өкүлчүлүгүндө Экономика, инфраструктура жана Европа иштеринин бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Ал Германиянын Киль университетинен саясий илимдер, Чыгыш Европанын тарыхы, мамлекеттик укук жана Чыгыш Европанын укугу боюнча магистр жана докторлук даражасына ээ. Немис, англис жана орус тилдерин эркин билет. Д-р Фробарттын Борбор Азияны терең түшүнүүсү жана дипломатиялык тажрыйбасы Кыргызстанда ОБСЕнин коопсуздукту, жакшы башкарууну, айлана-чөйрөнү коргоону жана адам укуктарын өнүктүрүү боюнча ишмердигин колдойт. ОБСЕ д-р Фробарттын жетекчилиги астында мамлекеттик органдар, жарандык коом жана эл аралык өнөктөштөр менен бекем кызматташтыкты улантууну күтөт.
Кыргызстанда “Климат – Тоолор – Жаштар” аттуу улуттук жаштар жайкы лагери башталды
Publishing date: 29 августа 2025
Content type: News
Where we are: ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
What we do: Climate change, Айлана-чөйрөнү коргоо, Water management, Жаштар
Кызыл-Суу, 2025-жылдын 22-августу – Кыргызстандын ар кайсы жерлеринен келген 20дан ашуун катышуучу, Кызыл-Сууда “Климат-Тоолор-Жаштар” аттуу улуттук жаштар жайкы лагерине чогулушту. Бул лагерди ишке ашырган ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш аракеттердин беш жылдык ишке ашыруу боюнча Кыргызстандын Президенттин атайын өкүлүнүн кеңсеси, Тянь-Шань бийик тоо илимий борбору, Кыргыз Республикасынын альпинизм жана спорттук альпинизм Федерациясы жана “жашыл экономика үчүн Кыргызстандын студенттери” коомдук жаштар уюму менен биргеликте уюштурду. Сегиз күндүк жайкы лагерь жаш лидерлерге климаттын өзгөрүшү, тоо экосистемалары жана туруктуу өнүгүү боюнча билим алууга, тажрыйба топтоого жана ой-пикир алмашууга мүмкүнчүлүк түзүп берет. Интерактивдүү семинарлар, талаа изилдөөлөр жана муз, суу жана жайыт боюнча практикалык сабактардын жардамы менен катышуучулар климаттын өзгөрүшүнүн Кыргызстандагы айлана-чөйрөгө жана коомчулукка тийгизген түз таасирлерин изилдеше алышат. Расмий ачылыш аземине ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы элчи Алексей Рогов, Президенттин атайын өкүлү Динара Кемелова, Тянь-Шань бийик тоо илимий борборунун директору Руслан Сатылканов жана Кыргыз Республикасынын альпинизм жана спорттук альпинизм Федерациясынын Президенти Эдуард Кубатов катышты. Алар жаштарга климаттык иш-аракеттерге жана Тоолорду туруктуу өнүктүрүүгө активдүү катышуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп кетишти. Программанын алкагында төмөнкүлөр: Климаттын өзгөрүшү жана мөңгүлөрдү көзөмөлдөө илими боюнча окутуу; Жогорку бийиктиктеги изилдөө станцияларына жана Ысык-Көл көлүнө экскурсиялар жана талаа изилдөөлөр; Суунун сапаты, биологиялык ар түрдүүлүк жана жайыттардын бузулушу боюнча практикалык изилдөөлөр; Туруктуулук көндүмдөрүн куруу үчүн аска-зоолорго чыгуу жана тоо коопсуздугу боюнча окутуу; Жаштардын үнүн күчөтүү үчүн Чыгармачыл Сессиялар, анын ичинде көркөм терапия жана ачык сүйлөшүүлөр камтылат. Жайкы лагерь жаштар үчүн илим, практика жана коомчулук менен байланышуу үчүн уникалдуу платформа болуп саналат. Кыргызстандын тоолуу ландшафтындагы талаа изилдөөлөрдү жана сессияларды айкалыштыруу менен, бул демилге жаштарга туруктуу чечимдерге салым кошуу үчүн билим берип, алдыга умутлганга шыктандыра берет. Бул иш-чара ЕККУнун климаттын өзгөрүшү боюнча маалымдуулукту жогорулатуу, экологиялык коопсуздукту чыңдоо жана жаштарды колдоо боюнча тынымсыз аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналат.